Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баракелде, Дүйнө 12.10.2018 18:57 На русском

Санкт-Петербургда дагестандык жигит кыргыз кызы үчүн болгон мушташта каза болду

Turmush -  Кечээ, 11-октябрда кечке маал Санкт-Петербург шаарында тажикстандыктар менен дагестандыктардын ортосунда массалык муташуу болуп, анын кесепетинен Дагестанда туулган 21 жаштагы жигит каза болду. Ал эми анын 45 жаштагы жердеши жаракат алды, деп билдирди «Ахбор» басылмасы.

Полиция массалык мушташууга катышкан 4 адамды колго түшүрүшкөн. Алардын маалыматына караганда, массалык мушташуунун келип чыгышына кыргызстандык кыз менен тажик жигитинин ортосундагы мамиле себеп болгон. Аталган кыз жигитинен кол үзүүнү каалаган. Бирок, тажик жигити ага макул болгон эмес. Мындан улам кыз дагестандык тааныштарына кайрылган.

Учурда РФнын Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү жана денеге оор залал келтирүү беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×