Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуКочкор району 12.10.2018 17:58 На русском

Айыл турмушу: 63 жаштагы жалгыз бой эне жаңы комбайны менен кочкорлуктардын эгинин чаап жатат (сүрөт)

Turmush -  Комбайнчы Жамила Тойчубекова Кочкорго келип, дыйкандардын эгинин чаап жатат. Аны көргөн жергиликтүү комбайнчылар жол бошотуп беришүүдө. Жамила айым: «Кочкор аймагындагы эгин текши чабылып, аяктаган соң кетем. Ага чейин дыйкандар мага чаптырабыз деп кезекте турушат. Менин комбайным жаңы болгондуктан коромжусуз, жакшы, таза чабуудамын», - деди.

1955-жылы туулган Жамила Тойчубекова Жумгал районунун Эпкин айылынын тургуну. Жолдошу кайтыш болгондон кийин үрөн чарба кооперативин жетектеп келе жатат. Үч баланын энеси. Алар ар кандай кесиптин ээлери.

«Айыл жери дыйканчылыкка ыңгайлуу болгондуктан айыл чарба техникаларына жакын болдум. Жыйырма алты жылдан бери жазгысын трактор менен жер айдап, талаачылык иштеримди жүргүзүү менен элдикин да бүтүрүп жүрөм. Он чакты жылдан бери комбайн айдап, эгин чаап да жүрөм. Кредит алып жаңы комбайн алдым. Мурда айылдыкын чапсам, азыр алыскы айылдарга чыга баштадым. Кардарлар да техниканын жаңысына качырат экен. Анын үстүнө аял киши болгондуктанбы, мага чаптырам деп кезекке тургандар көп. Азыр Кочкордун Шамшы айылынын эгиндерин малга талатпай чаап берейин деп турам.

Кочкорлуктар жакшы эл экен. Кочкордун акими Нурлан Керимкулов айыл чарба адистери менен кошо келип, ал-ахыбалымды сурап, мага ырахматын айтып, дыйкандар менен баарлашып кетти. Көп эле жерде болдум, аким келип талааны кыдырганын көрө элекмин. Ыраазы болуп калдым. Ал "эже, союз учуру болгондо Социалисттик эмгектин баатыры болмоксуз. Сизге башымды ийип таазим кылам. Нагыз эмгекти сүйгөн адам экенсиз" деп колумду кысты. Ал тургай комбайнга түшүп, эгин талаасын чапканыма суктанып, аңыз чабылып бүткүчө баарлашып жанымда отурду. Жакшы сөз жылаанды ийининен чыгарат эмеспи. Эки эссе дем менен иштеп жатам. Эгинин чаптыргандар ыраазычылыгын айтып түгөтө алышпайт.

Азыр кудайга шүгүр комбайн, трактор, соко, чөп пресстөөчү, себүүчү шаймандарым бар. Үч балам бар. Алар ар кандай кызматтарда иштешет. Мага болсо техника айдоо кызык. Албетте, кээде кыйналабыз, бирок ак эмгек менен тапкан ырыскы таттуу эмеспи», - деп жылмайып койду Ж.Тойчубекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×