Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
12.10.2018 17:10

Жалал-Абадда милициянын арддагерлерине, улгайган адамдарга сый көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында ардактуу эс алуудагы милициянын ардагерлерине жана улгайган адамдарга ШИИБ тарабынан сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ардагерлер менен маектешүү учурунда ШИИБдин башчысы Э.Молдокеев алар жаш милиция кызматкерлерине өздөрүнүн акыл-насааттарын айтып, тыгыз иш алып барып жаканын белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди.

Андан тышкары, Улуу Ата-Мекендик согуштун арадагери, ички иштер кызматында иштеп, ардактуу эс алууга чыкан 94 жаштагы Г.Мингараевден кабар алышып, ага материалдык жардам беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×