Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуКемин району 12.10.2018 18:10 На русском

Видео — Кеминде карышкырлар аюунун карынын жарып, этин жеп кетишти

Turmush -  Кемин районунда карышкырлар аюунун карынын жарып, жарым этин жеп кетишти.

Маалым болгондой, 11-октябрда Кемин районунун аймагындагы жайлоолордун биринде карышкырлардын тобу аюуга кол салышкан. Окуя болгон жерге Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Чүй өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери барып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүштү.

Талаада жаткан аюуну алгач айыл тургундары көрүп, дароо аталган кызматка билдиришкен.

Кийинчерээк маалым болгондой, учурда жаныбардын өлүмүн аныктоо үчүн аюу ветеринардык кызматка жеткирилди. Ветеринарлардын тыянагынан кийин аюунун териси, баш сөөгү жана сөөктөрү Кыргызстандагы илимий уюмдарга өткөрүлүп берилет.

Абайлагыла!!! Тасманы нерви жукалар көрүүгө болбойт

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×