Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуКочкор району 12.10.2018 16:12

Кочкорлук тургундар Көбөгөн-Сай аймагындагы жолдун сапатына нааразы болушууда (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы тургундар Көбөгөн-Сай аймагында салынып жаткан жолдун сапатына нааразы болуп жатышат.

«Салынып жаткан жолдун сапаты начар. Жөө адамдар өтүүчү жолго төшөлгөн асфальт текши болбой калган. Ал эми көпүрөнүн үстүндөгү жол кечкисин жөө баскан адамга кооптуу. Айта берсек маселе көп», - дейт айыл тургундары.

Бул маселе боюнча Кочкор райондук №955 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Кубанычбек Бейшеналиев: «Төртүнчү категориядагы жол. Кытайлык компаниясынын үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен курулууда. Жол салынып бүткөндөн кийин Кочкор райондук №955 жол тейлөө мекемесинин балансына атайын комиссия менен өткөрүп алабыз. Ага чейин биз жолдун сапатын көзөмөлдөй албайбыз», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×