Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
12.10.2018 15:37 На русском

Ошто чоң балыктарды мыйзамсыз кармагандар изделип жатат (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун аймагында мыйзамсыз балык кармоо фактысы аныкталды. Учурда ал балыкчылар изделип жатканын Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн аңчы адиси — түштүк аймагы боюнча аңчы ыкчам топтун башчысы Төлөнбай Каримов кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, балыкчылар балыктарды кармап жаткан учурда түшкөн сүрөттөрүн социалдык түйүндөргө таратышкан. Алар Ош облусунун тургундары болушу мүмкүн деп болжолдонуп жатат.

«Сүрөттө алардын автоунаасынын номуру даана көрүнүп турат. Алар көптөгөн чоң балыктарды кармаган. Бул боюнча учурда Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгү тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Мыйзамсыз балык кармаган жарандар аныкталса, ар бир балык үчүн 505 сомдон айып салынат. Ага кошо ар бир адам 3-7 миң сомго чийин административдик айып төлөөгө милдеттендирилет», - деди Т.Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×