Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.10.2018 15:33 На русском

Караколдун жаңы шайланган мэрин иш бөлмөсүнө киргизишти

Turmush -  Каракол шаардык кеңешинин депутаттары жаңы шайланган мэр Адыл Каниметовду иш бөлмөсүнө киргизишти.

Анда шардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов жаңы мэрди куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалоо менен Каракол шаарын өнүктүрүү алардын бир максаты экенин белгиледи.

Өз кезегинде Адыл Каниметов депутаттарга ыраазчылык билдирип, шаардын өнүгүшү үчүн анда жаңы пландар жана идеялар бар экенин айтты.

«Мага ишеним көрсөтүп, шайлаганыңар үчүн ыраазычылык билдирем. Мен аракет кылып, депутаттардын жана Каракол шаарынын тургундарынын үмүтүн актаганга аракет жасайм», - деди ал.

Бүгүн, 12-октябрда шаардык кеңештин кезектеги сессиясы өтүп, анда мэр шайланды. Шайлоодо Каниметов Адыл Жанкорозович сессияга катышкан 28 депутаттын 18 депутатынын добушуна ээ болуп, мэр болуп шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×