Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 12.10.2018 15:11

Жубайлар: Кара-бууралык Токтоназар ата Каныкей апаны кудалап койгон тарабы менен мушташып жатып жубайлыкка алган (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кара-Сай айылынын тургундары 83 жаштагы Кудайкулов Токтоназар ата 78 жаштагы жубайы Кудайкулова Каныкей апаны кудалап койгон адамдардан 2 күн талаага бекитип жатып баш кошкон. Аймактык кабарчы жубайлар менен таанышты.

Өздөрүнүн айтымында, 1956-жылы баш кошушкан.

Каныкей апа: Ушул эле айылдын кызы болом. Азыр айылдын кемпиримин. Өзүм дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгам. Балалык чагым жакшы күндөр менен өттү. 15 жашка чыкканда мени башка бирөөлөр жактырып калып, сөйкө салып, кудалап кетишет. Орто жолдон эле азыркы жолдошум чыга калды. Мени ошондо көп адамдар бузуптур. Сөйкө салып кеткен жеримди жамандап, «ал начар бала, тийсең кор болосуң» дешип менин башымды айландырышкан. Мен чын эле ошондой экен деп бул күйөөм менен таанышууну туура көрдүм. Бул мага күндө келе берчү, кат жазып ар кимден жөнөтө берчү. Мен жооп жазбай күттүрүп койчумун. Ошол маалда кудалап койгон жигит дагы айланчыктап жүрдү. Бирок баш кошкон күнү кудалап койгон тарап менен ызы-чуу башталды. Кудалап койгон жерим алып кетебиз деп келишти. Эркектер бири-бири менен мушташышты. Ошол учурда мени бул жактагылар мени үйдөн алып чыгып талаага алып кетип калды. Ошол жакта 2 күн түнөдүм. Ызы-чуу бүттү дегенден кийин үйгө түн ортосунда эркектердей кийинип келгем. Себеби жолдон кудалап койгон жерим көрүп коюп, алып кетпесин дешкен. Түн ортосунда келип келин болуп отуруп калдым.

Баш кошконубуздан 5 ай убакыт өткөндөн кийин жолдошум 3 жылга аскерге кетти. Үйдө кайын энем, кайы иним, мен болуп жашап калдык. 3 жылга чейин тамекиде иштедим. Кыйын күндөр баштан өттү. Эч кимге көрсөтпөй ыйлап дагы алчумун. Ушунчалык кыйналдым. Бирок ошонун баарына чыдап, сабыр менен жеңип, ушул бактылуулука жеттим. Жолдошум үй-бүлөсүнө камкор ата болду. Кийин кол өнөрчүлүк менен эмгектенип, балдарымды үйлүү-жайлуу кылдык.

Токтоназар ата:Илгерки заман менен азыркы замандын жашоосу башкача эле. Жубайымдын кудалашканын уксам дагы жолугуша барып, кат жаза берчүмүн. Ортого тааныш салдым. Алар сөйкө салган жигитин болушунча жамандап оюн бузуптур. Таттуу сөзгө алданса керек да байкушум андан кол үздү. Бирок мен алып келгенде 2 күн ызы-чуу болуп жатып калдык. 2 күнгө чейин тиги тарап менен биз тарап мушташканга чейин бардык. Айлабыз кеткенде ээн талаага качырып жибергенбиз. Ошентип баш коштук. Кийин мен аскерге кеттим. Каныкейим ийнедейин илип, теменедейин терип үй кылды. Сабырдуулугу менен баарын жеңди, мага күч кубат болду. Азыр бактылуу ата-энебиз. 5 уул, 1 кыздуу болдук. Булардын жакшылыктарын көрүп, ысык чайын ичип отурган чагыбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×