Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 12.10.2018 14:13

Сузакта туура тамактануу боюнча фестиваль өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагынын Октябрь айылында туура тамактануу боюнча фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Фестивалга БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башчысынын орун басары Динара Рахманова, социалдык камсыз кылуу департаментинин директору Нурдөөлөт Базарбаев, «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу» долбоорунун өкүлү Бекжан Жолоев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Багыш айыл аймагында көп балалуу, аз камсыз, жөлөк пул алуучу 150 үй-бүлө БУУнун «Өндүрүмдүү сациалдык контракт акчалай каражаттар кошуу» пилоттук долбоорунун негизинде үрөндөр менен камсыздалган.

Долбоордун катышуучусу Туйгун Жапакбаеванын айтымында, үй-бүлөсүн өзү өстүргөн витаминдүү жашылчалар менен камсыздоодо.

«Биз ушул жылы жашылчалардан помидор, бадыраң, шпинат, түстүү капуста, брокколи, нокот, ашкабак, баклажан, аш кызылчасы, кызыл сабизди күнөсканада өстүрдүк. Аларды консервациялап, базарга алып чыгып сатып жатабыз деди», - деди Т.Жапакбаев.

Сузак районунда 6900гө жакын аз камсыз үй-бүлө бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×