Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 12.10.2018 13:22

Айыл турмушу: Кара-бууралык Жетимишбай ата 1,5 гектар какыр жердин таштарын терип, алма бакка айландырды (фото)

Turmush -  Кара-Буура районундагы Бакайыр айылынын 66 жаштагы тургуну Үсөналиев Жетимишбай ата 24 жылдан бери багбанчылык менен алек болуп келет. Аймактык кабарчы багбан менен таанышты.

«Өзүм дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойдум. Атам дыйкан, ошол эле учурда чабан болуп иштеди. Апам саанчы болуп, кийин тамекиде иштеди. Көргөн-билгеним мал жана талаа жумуштары болду. Кийин өзүмө үлүш жер алдым. Анын жанында 1,5 гектар таштак жер пайдаланылбай турчу. Ошол жерди өзүмө таандык кылып, алма бак кылууну туура көрдүм. Бул жер таштак, өңгүл-дөңгүл, суу чыкпаган жер эле. Өздөштүрүлө электе адам көтөрө алгыс, салмагы 1 тоннага жакын чоң таштар бар эле. Алардын барын техника менен тарттырып, майдаларын кол менен терип чыктык. 7 жыл ичинде таштак жерди өздөштүрүп, алма тиктим. Буга чейин 1994-жылдан бери багбанчылык кылып келчүмүн.

Эч ким пайдаланбаган, таштак жерди өздөштүрүп, көркүнө чыгарып баштаганда талашкан адамдар көп болду. Бирок кылган мээнетим жеңип, азыр түшүмүн көрүп жатам. Азыркы учурда жалпы 512 түп алма көчөт бар. Булардын баары кышкы алмалар, жаз айларына чейин сакталып турат. Ар бир көчөттү 80 сомдон алып келип отургуздум. 2 жылдан бери акырындык менен түшүм берип жатат. Быйыл 1 тоннага жакын түшүм алдым. Бул алма бакты неберелериме деп отургуздум.

Багбанчылыктан тышкары мал чарбачылыгы менен алек болом. Биздин айыл тоого жакын жайгашкандыктан малды айылга көп кармайбыз», - деди ал.

Жетимишбай аксакал 6 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×