Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.10.2018 13:19

Жалал-Абадда кыздар улууларга айта албаган сөздөрүн баракчаларга жазып таратышты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Эл аралык кыздар күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эл аралык кыздар күнүнө арналган иш-чара Жалал-Абад шаарында алгачкы ирет өткөрүлүп жатат.

«Түштүк жергесинде, анын ичинде Жалал-Абад өрөөнүндөгү кыргыз үй-бүлөлөрдүн ичинде кыздарга болгон чектөөлөр, кысымдар мени абдан капа кылат. Ал эми бүгүнкү күнү ар улуттун үй-бүлөлөрүнөн куралган кыздардын жамааты атайын жазуулары бар плакаттарды көтөрүп, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мындан сырткары, жаштардын улууларга айта албаган сөздөрүн, ойлорун түстүү баракчаларга жазып тараттык. Бул кыздардын укугун коргоого өз таасирин тийгизет деген ойдобуз», - дейт «Youth of Osh» коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы жетекчиси Жанара Рыскулова.

БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо максатында 11-октябрь — Эл аралык кыздардын күнү катары 2011-жылы жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×