Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 12.10.2018 12:44

Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылында жаңы ФАП курулуп жатат

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында фельдшер-акушердик пункт салынып жаткандыгын айыл өкмөт башчысы Нурбек Соодонбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, жергиликтүү бюджеттен 1 млн 300 миң сом каражат бөлүнүп, ФАПтын курулушу башталды. Ал темир контейнер менен заманбап үлгүдө салынат. Учурда курулуштун пайдубалы түптөлдү.

«Буга чейин айылдык ФАП бала бакчанын имаратында болчу. Бала бакчаны 50 орунга кеңейтүү, тактап айтканда дагы 50 баланы кабыл алуу максатында жаңы ФАПтын курулушун баштадык», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×