Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуТалас району 12.10.2018 12:31

Айыл турмушу: Таластык З.Тыналиева 36 жыл бою бир да жолу декреттик өргүүгө чыкпай мугалим болуп иштеди (фото)

Turmush -  Талас районунун Манас айылынын 58 жаштагы тургуну Замира Тыналиева 36 жылдан бери мектепте мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас айылында чоңоюп, кийин өзүнүн айылына эле келин болгон. 1978-жылы М.Маяковский атындагы педагогикалык институтунан башталгыч класстарга билим берүү адистигине ээ болуп чыккан.

«Биринчи эмгек жолумду Талас районуна караштуу Кара-Суу айылындагы мектептен баштагам. Ал жерде 2 жыл эмгектенгенден кийин 1984-жылдан баштап Манас айылындагы «Манас» лицейинде иштеп келем. Азыр эстеп көрсөм жумушумду сүйүп иштегендиктен бир дагы жолу бала багуу өргүүсүнө чыккан эмес экенмин. Күжүрмөндүк менен иштеп ка

луума кайын энемдин дагы салымы чоң. Анткени балдарымды багып, көмөк көрсөтүп жардамдашкан. Алгачкы жолу Кара-Cуу орто мектебине иштеп барганымда 4-классты берип коюшкан эле.Түндөп отуруп көрсөтмө куралдарды колго жасап, эртеси кудуңдап сабак өтчүмүн. Азыр кудайга шүгүр, баары даяр. Жалпы эмгек стажым 36 жыл. Буйруса кийинки жылы ардактуу эс алууга чыгам. Убакыт билинбей өтүп кетти. 36 жыл өтсө дагы быйыл эле иштеп жаткандай туюла берет», - деди ал.

Каарманыбыз мындан тышкары башталгыч класстардын мугалими болуп калышына таежеси түрткү болгондугун белгиледи.

«Атам Амантай Тыналиев математика сабагын окуткан мугалим эле. Ушул күнгө чейин атамдын сабакка даярдык планын көрүп таң калам. Сыясы дагы өчө элек, сактап жүрөм. Атамдын ошол эмгектери мага ушул күнгө чейин үлгү болуп келет.

Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 5-класстан баштап Конезаводдо таежемдин колунда жүрүп окуп калдым. Таежем башталгыч класстын мугалими болчу. Мектепте окуп жүргөндө «физик болом» деп айтчумун. Таежеме көргөзмө курал жасашып жардам берчүмүн. Ал эжем «Физика мугалими болуп эмне кыласың? Физика сабагын сүйгөн балдар азыраак болот. Андан көрө балдардын биринчи мугалими бол» дечү. Дээримде мугалимдик жөндөм бар болгондуктан баарын башынан эле жөндөп кеттим.

10 класс бүтүргөнгө жетиштим. Эмгегимди баалашып, мектептин, райондун, облустун, губернатордун, айыл өкмөттүн, министрликтин грамоталарына ээ болгом. 2010-жылы «Эл агартуу отличниги» наамын алгам», - деди ал.

Мугалим айым мугалимдик ишиндеги кызыктуу окуяларды эскерди.

«Жаңы иштеп баштаганымда классымдагы бир баламдын бейбаштыгынан мектеп администрациясынан тил угат элем. Бир күнү класска келип, «бейбаштыгыңды ташта, сенин айыңдан жалпы класс алдыга жылбай жатабыз» деген элем. Сабак бүткөндөн кийин классымдагы активист балдарым ал баламды уруп коюшуптур. Мен аны билбейм. Эртеси чоң апасы директорго айтып кетиптир. Директорубуз Акматов Эсенбек агай мени чакырып алып, «кызым ал окуучуңу тарбияга салып койбой, балдарга урдуруп коюптурсуң. Антпе, болбосо аялдамада турганда сени Кара-Суунун айымдары сабап кетишет» деген эле. Анда үйдүн алыстыгынан автобус менен кетчүмүн. Азыр эстеп алып күлүп калам.

Окуткан классыма бир кыз келип кошулуп, билим алып калды. Суроо берсем казакча жооп берет, китеп окутсам казакча окуйт эле. Эмне кылсам деп ойлонуп отурсам ошол кызымдын апасы келип калды. Мен кызынын тили казакчага бурулуп калганын, кыргыз тилинде сүйлөй албай жатканын айттым. Ошондо апасы таң калып, «Казакстанга мени менен аз убакытка эле барып келген. Бош кабинетке камап койсоңуз» деди. Мен эртеси бош кабинетке 15 мүнөт камап коюп, жанындагы кабинетте калган окуучуларыма сабак өтө бердим. Казак тилинде урушуп тажаганынан «эже мен мындан ары кыргызча сүйлөйм» деп кыргызча сүйлөгөн. Ар бир бала менен тил табышып билим берип, 4-классты бүтүп кетишкенче өз балдарымдай болуп калат», - деди ал.

Замира Тыналиева 3 баланын, 8 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×