Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 12.10.2018 14:17

Баткендеги көчөгө жеке ишкер 100 миң сомго түнкү чырактарды койдурду (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын тургуну, жеке ишкер Данияр Таштановдун демөөрчүлүгү менен Баткен шаарындагы көчөгө түнкү чырактар коюлду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, көчөгө 35 даана чыракты орнотуу үчүн 100 миң сом бөлүнүп берилген. Ишкерге Баткен шаарынын мэриясы жана көчө тургундары ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×