Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 12.10.2018 10:21 На русском

Алайкууда 2 ФАП курулду

Turmush -  Кара-Кулжанын Алайкуу айыл өкмөтүнө караштуу Кан-Коргон айылында 3 млн 300 миң сомго курулган ФАПтын ачылышы өтө элек. Ачылыш аземди өкмөт башчынын иш сапарында уюштуруу пландалып жатканы маалым болду.

Алайкуу айыл өкмөтүнүн башчысы Аскарбай Аттокуровдун айтымында, ФАПтын жаңы имараты заман талабына ылайык курулду. Анда ысык жана муздак суу, акыркы үлгүдөгү ички жабдуулар бар жана 3 адам эмгектенет.

Ушундай эле ФАП Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек айылында курулган. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Бурканбек Айсаевдин айтымында, аталган ФАП арабиялык уюмдар тарабынан каржыланууда. Учурда ФАПтын курулушу толук бүткөрүлүп, ички эмеректерин күтүп жатышат. Анда 5 медициналык кызматкер эмгектенет.

Ал эми ФАПтын эски имараты авариялык абалга жетип, дубалдарынын төрт тарабы жарылып, пайдаланууга жарабай калган эле. Ал 2007-жылы эл тарабынан ашар жолу менен курулган.

Бул жумада өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Алайкуу, Кызыл-Жар, Ой-Тал айыл өкмөттөрүнүн эли менен жолугушуп, көйгөйлөрүн жеринде укту. Ошону менен катар Күйөө-Таш айылындагы А.Жаңыбаев орто мектебинин спорт залынын, ФАПтардын курулушу жана Кызыл-Жар айыл өкмөтүндөгү мал-жандыктардын мончосу менен таанышты.

Бул жолугушууда Алайкуу айыл аймагына караштуу Ара-Булак конушунун тургундары 24 жылдан бери электр энергиясы жок жашап келишкенин да айтышкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×