Айыл турмушу: Кара-бууралык А.Ниязалиевдин цехинде күнүнө 3 кап ун ар кандай таттууларга айланат (фото)
Turmush - Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 44 жаштагы тургуну Аскат Ниязалиев 10 жылдан бери таттууларды чыгаруучу цех иштетип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, цехте таттуулардын 50дөй түрү жасалат.
«Үй-бүлөмдүн жардамы менен мындан 10 жыл мурун айыл ичине чакан ишкана ачып, ушул кезге чейин иштетип келе жатам. Бул жерде айыл ичиндеги кыз-келиндерден 10 адам иштешет. Айлык акы 8 миң сомдон 15 миң сомго чейин болот. Жумасына 1 күн эс алабыз, калган күндөрү иштейбиз. Жумуш убактысы эртең менен 9:00дөн кечки 18:00гө чейин. Буйрутма көп болуп калса үйлөрүнө 1-2 саат кеч кеткен учурлар болот. Буйрутмалар майрам күндөрү жана күзүндө көп түшөт. Ал учурда баарын жасап жетишкенге аракет кылабыз.
Күнүнө таттуулардын 50дөй түрү, токочтун 20дай түрү, торттун түрлөрүн жасап чыгарабыз. 1 күндө 100 кг таттуулар чыгарылса, торттон 50 даана жасайбыз. Аларды айыл ичиндеги жана башка райондогу дүкөндөргө таркатабыз. Дүкөндөргө токочторду 80 сомдон, тортторду 230 сомдон, рулеттерди 30 сомдон таштайбыз. 1 күндө 3 кап ун керектелет. 1 жылдык чыгаша 200 миң сомду түзсө, киреше 500 миң сомго чейин барат», - деди ал.
Ишкер мырза 4 баланын атасы.