Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Баткен 12.10.2018 09:23

Баткендин Булак-Башы кварталында таза суу жетпей, эл кезекке туруп жатышат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы 600дөй кожолукка таза суу жетпей жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, кварталда 3 суу түтүгү бар. Андан күнүнө 2 саат гана суу чыгат.

«Суу бирде бар, бирде жок. Болгон күнү деле 2 саат чыгат. Ошондо жетишип алыш керек. Бул үчүн кезекке турушат. Балдарын кечке суу каратып койгондор да бар. Балдарын үйгө жалгыз таштап келген келиндер да болот. Кезек жетпесе суудан куру калгандар да жок эмес. Чоңдор биздеги таза суу маселесин чечип беришсе жакшы болмок», - деди Булак-Башы кварталынын тургуну Махпурат Сапаркулова.

Мындай көйгөйдөн бала бакчадагы бөбөктөр да жабыр тартышууда.

«Кезек жетпей калган учурларда суусуз калабыз. Балдарды бала бакчага калтырып коюп, суу ташыганы кетебиз. Суу түтүгү бизден алыс жайгашкан. Айла жок, суу алып келбесек балдар суусуз кыйналышат. Кээде булганыч суу келет. Мисалы 2 күндөн бери булганыч суу алып жатабыз. Бул балдардын ден соолугуна кооптуу болуп саналат», - деди «Ак-Тилек» бала бакчасынын тарбиячысы Акмаанай Сагынычбек кызы.

Таза суу мекемесинин жетекчиси Данышбек Камчиев Баткен шаарындагы суу түтүктөр мөөнөтүнөн 30 жылга көп иштеп, оңдоо иштерин көп талап кылганын билдирди.

«Баткен шаары алгач айыл деңгээлинде болгон. 1960-жылдары курулган суу түтүктөр бүгүнкүгө чейин иштеп, эскилиги жетти. Азыр алар иштөө мөөнөтүнөн 30 жылга өтүп кеткен. Мындан улам тынбай оңдоп-түзөөдөн өтүп, ошол учурда суу булганып калат. Булак-Башы кварталына 15 жыл мурда 15 суу түтүк барган. Бирок түтүктөр сапатсыз болгон. Ошондуктан тешилип, чирип, жараксыз болуп калган. Биз анын бешөөсүн кайрадан тазалап, суу жеткирип бергенбиз. Бул маселе кечээ же бүгүн чыгып калган жок, маселе курч. Буйруса бул көйгөйлөр Европа реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнгөн 30 млн евронун жардамы менен чечилет. Долбоор ишке ашканда жергиликтүү элге 24 саат бою таза суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×