Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Чүй облусуЧүй району 11.10.2018 15:42

Видео, сүрөт — Искрадагы бекер үйлүү болгон үй-бүлөлөр 3 айдан бери электр жарыгы жок жашап жатышат

Turmush -  Чүй районуна караштуу Искра айыл аймагындагы кайрымдуулук фонд тарабынан 15 үй-бүлө үчүн курулган социалдык турак үйдөгү жашоочулар 3 айдан бери электр жарыгы жок жашап жатышат.

Жашоочулардын бири Гүлзат Бакалиеванын айтымында, бул турак үйлөргө акылдуу электр эсептегичи коюлбагандыктан, тургундар ай сайын айыл өкмөттүн электр эсептегичин колдонуп, 500 сомдон төлөп турушкан.

«Бул турак үйлөр арабдардын кайрымдуулук фонду аркылуу жетим-жесирлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө курулган. Бирок курулуш материалдары туура эмес болгондуктан, бизге акылдуу электр эсептегичи коюлган эмес. Мындан улам айыл өкмөттүн имаратындагы электр эсептегич менен электр энергиясын жагып баштаганбыз. Ар бир үй-бүлө электр жарыгы үчүн ай сайын 500 сомдон берип жаттык. Бирок, бир жылдан кийин бизге райондук электр тармактар ишканасынан 200 миӊ сом карыз деп чыгып, электр жарыгыбызды өчүрүп коюшту. 200 миӊ сом кантип чыгып калды деп, райондук электр тармактар ишканасынын жетекчилерине кайрылдык. Алар силерде абоненттик эсеп жок болгондуктан, коммерциялык баага кошулуп калган экен деп жооп беришкен», - деди ал.

Бул жердеги тургундар тамак-ашты сыртка отко бышырып, балдары чырак менен сабак окушууда.

«Мына минтип эшикке казанга тамак-аш бышырабыз. Баарынан да балдарыбыз кыйналып кетти. Эртеӊ менен үй суук болуп, эптеп эле мектепке жөнөтүп жатабыз. Түнү сабакты чырак менен окуп жатышат. Күндүз мектептен келгенден кийин отун тергени жөнөшөт. Үйдүн суугунан балдар ооруй баштады», - деп билдиришти тургундар.

Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Шабдан Абыкаев аталган турак үйлөрдүн техникалык документтерин ала албай жатышкандыгын айтты.

«Бул турак үйлөр пескоблок менен курулгандыктан экотехинспекциясы техникалык документтерди алууга уруксат бербей жатышат. Бирок, экотехинспекция жашоочулардын көйгөйлөрүн эске алып, уруксат бермей болушту. Жакын арада акылдуу электр эсептегич коюлат.

Эмнеге пескоблок менен салышканын билбейм. Башка райондордо курулган ушундай социалдык турак үйлөр кирпич менен салынган экен.

Ал эми электр жарыгы коммерциялык баа менен эсептелиши мүмкүн эмес. Анткени ал жер айыл өкмөттүн жери. Бул турак үйлөр мурда өрттөнүп кеткен барак типтеги үйдүн ордуна салынган. Карыз 200 миӊ сом эмес, 150 миӊ сом чыгып келген. Карыздын чыгып келиши мындайча болгон. Бул үйлөрдөгү тургундар айыл өкмөт менен сүйлөшүп, аталган түзүмдүн электр эсептегичин колдонуп, ай сайын 500 сомдон төлөп бермей болушат. 1-2 ай төлөп, айрымдары төлөбөй койгондуктан 1 жылдын ичинде электр жарыгына болгон карыз 150 миӊ сом болуп кеткен экен. Мындан улам айыл өкмөт алардын электр жарыгын өчүргөнгө аргасыз болгон», - деди ал.

Ал эми демөөрчүлөрдү тартып келген кайрымдуулук фонддун өкүлү Өзүбек ажы Чотонов: «Эми бардык нерсе демөөрчүнүн чама-чаркына жараша болот. А, бирок биз болгон аракетибизди жумшап, пескоблоктун сыртынан пеноплэкс менен жылуулап, заманбап стилде менен бүткөрүп бердик. Ага улай жылуу пол да салынган. Ичине бүт керектүү эмеректер алынып, тиричилик техникасы жана ар бирине бирден уй берилген. Эми жетишпеген нерселерин камсыз кылуу жергиликтүү бийликтин колунда деп ойлойм», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×