Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 11.10.2018 15:11

Айыл турмушу: Бакай-аталык Н.Манасбек кызы Европадагы кафеде өзү ойлоп тапкан тамактарды сатууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылында чоңойгон 30 жаштагы Назира Манасбек кызы Санкт-Петербург шаарындагы кафеде иштеп, өзү ойлоп тапкан тамактары сатылууда. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ашпозчу болуп 7 жылдан бери эмгектенип келет.

«Санкт-Петербург шаарына 2010-жылы келгем. Ушул күнгө чейин ар тармактагы жумуштарда иштеп жүрдүм. Бош убагымда ашпозчунун тамак жасаганын көрүп, артынан кайталап жасап, менюнун аталыштарын жазып алып жаттап жүрдүм. 2 ай өткөндөн кийин менюнун тизмесин айтып берип, тамактын жасалышын көрсөтүп, жакшы баа алып жумушка илингем. Ошентип көтөрүлүп, ашпозчу болуп калдым. Сушинин түрлөрүн жасайм, кардарларды япон ашканасынын тамактары менен тейлеп келебиз. Суши менен ролл түрлөргө бөлүнөт. Ар улуттан кардарлар келип турушат. Кыргыз жердештерибиз да көп. Эртеден кечке чейин киши үзүлбөйт. Кафебиздин ичине батпай калышса, үйлөрүнө салдырып алып кетишет. Телефон менен дагы буйрутма беришет, биз жеткирип беребиз.

Күнүбүз абдан бат өтөт. Жумушум жеңил эмес, кардарлардын буйрутмаларын аткарып жүрүп, убактымдын кандай өткөнүн байкабай калам. Ар кандай кардарлар болот. Күнүгө эле жагымдуу сөздөр угула бербейт. Кардардын айтканы дайыма туура дегендей, ишти туура жагына чечип алабыз. Коллективим аябай жакшы, ошондуктан баарын бирге жеңип келебиз», - деди ал.

Мекендешибиз жумушундагы кызыктуу окуяларды эскерди.

«Жаңы келип иштеп баштаганда кесиптештерим мени тамашага салышкан эле. Горчица кафенин термини боюнча васаби деп аталат. Алар «васабини аралаштырып келчи» деп айтышкан эле. Ачуу болорун билген эмесмин. Чоң идиште болгондуктан үстүн чоң капкак менен жаап коюшчу. Мен барып эле капкагын ача койсом ачуусу мурдума келип, эсим ооп кулап калгам. Эсиме келтиришип, аябай күлүшкөн. «Сени тамашалап аралаштырып кел десек сен аны билбейт турбайсыңбы» деп калышкан. Азыр баарын үйрөнүп, дальневосточный ролл, фил гуд, темаки ролл, гриль фиш деген аталыштагы тамактарды ойлоп таап, менюга киргизгем. Кардарлар буларга да көп буйрутма беришет.

Башында баары оңой болгон жок. Алгач бул кафеде идиш жууп жүрсөм, бүгүнкү күндө дилгирлигимден ашпозчу болуп эмгектенип жүрөм. Келечекте Кыргызстанда жеке кафемди ачып, элиме даамдуу тамактарды тартууласам дейм», - деди ал.

Назира бийкеч үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×