Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 13.10.2018 01:20

Жаш талант: 17 жаштагы Калысбек джиу-джитсу боюнча эл аралык чемпионатта алтын жана күмүш тагынды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Кант шаарынын 17 жаштагы тургуну Майрамкан уулу Калысбек бир күндө джиу-джитсу боюнча эки беттешке чыгып, биринде 2-орунду алса, экинчисинде чемпион болгон. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

«Жакында Ош облусунун Алай районунда джиу-джитсу боюнча эл аралык чемпионат болуп өттү. Ага жалпы 350 спортчу катышты. Мен алгач 55 кг салмак менен чыктым. Андан соң, 50 кг салмак менен беттешүүгө чакырып калышты. Ошентип 55 кг салмак менен 2-орунду алсам, 50 кг салмак менен чемпион болдум. Бул чемпионатка 4 мамлекеттен спортчулар келишкен», - деди ал.

Майрамкан уулу Калысбек спорттун джиу-джитсу түрү менен 2015-жылдан бери машыгып, бир топ ийгиликтерге жетишип келет. Ал 2001-жылы Талас облусунун Байкай-Ата районуна караштуу Кеӊ-Арал айылында төрөлгөн.

«Азыркы учурда Кант шаарындагы №25 лицейде окуп жатам. Азиянын чемпиону болгон досум Азыков Дастан спортко келишиме түрткү болгон. Бир күнү көчөдө жөн эле жүргөн жеримен, "жүрү мени менен спортко барып көр, балким жагып кетет" деп калды. Ал кезде 2015-жыл болчу. Алгач барган күнү эле балдар менен тил табышып, агайымдын машыктыруу ыкмалары жагып, спортко келишим керек экенин түшүндүм. Ошондон бери машыгып келем.

2016-жылы джиу-джитсу боюнча эл аралык турнирде 1-орунду, ушул эле спорт менен Кыргызстандын чемпионатында 1-орунду, 2017-жылы самбо боюнча Кыргызстанда өткөн мелдеште 1-орунду, ушул эле жылы джиу-джитсу боюнча эл аралык мелдеште 1-орунду алсам, быйыл 2018-жылы Азия чемпионатында 3-орунду ээледим. Келечектеги максатым Кыргызстандын желегин желбиретип, элимди дүйнө жүзүнө тааныткым келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×