Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 11.10.2018 13:35 На русском

Ошто дарыгерлер көз оорулары боюнча акысыз кеңеш беришет (видео)

Turmush -  Жыл өткөн сайын көзүнүн көрүүсү төмөндөп, ар кандай көз оорулары менен жабыркаган адамдардын саны көбөйгөнү байкалат. Белгиленген нормадан көп убакыт гаджеттери пайдалануу дагы көздүн көрүүсүнө көп зыян алып келет. Бул көйгөй тууралуу бүгүн, 11-октябрда АКИпресс-Ошто маалымат жыйын уюштурулду.

Кызыл Ай коомунун Ош облусу боюнча директору Азамат Сабировдун айтымында, жыл сайын октябрдын экинчи бейшембисинде Көрүүнүн саламаттыгын жакшыртуунун дүйнөлүк күнү белгиленип келет. Учурда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында окуучулар, студенттер, жергиликтүү тургундар үчүн ачык эшиктер күнү уюштурулуп, окулисттер акысыз кеңеш берип жатышат.

«Бүгүн Ош шаарындагы Алымбек датка оргумасынын аймагында көз оорулары боюнча акысыз кеңеш берилет. Анда жарандар көзүн текшертип, акысыз кеңеш алса болот. Мындан ары дагы жыл бою көздүн көрүүсүн жакшыртуу боюнча иш-чаралар өтүп турат. Биз азыр Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте иш алып барып жатабыз.

Алгач көздүн көрүүсү боюнча түштүк облустардагы алыскы аймактарга эл аралык эксперттер барып, жарандарды текшерүүдөн өткөргөн. Анын жыйынтыгында көз оорусу менен ооругандар көп экени байкалган. Мындан улам учурда көз ооруларын алдын алуу максатында 3,5 жылдык долбоор ишке кирди», - деди А.Сабиров.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын көз дарыгери Умар Исаковдун айтымында, көз оорусунун көбөйүшүнө гаджеттерди көп пайдалануу себеп болууда.

«Учурда жаш балдар оюнчук ойнобой калды. Аларга телефон берсең гана ыйлабай калышат. 3 жашка чейинки балдарга телефон берүү туура эмес. Жаш балдар күнүнө гаджеттерди 15 мүнөттөн ашык пайдаланбашы зарыл. Ал эми мектеп окуучуларына күнүнө 30 мүнөт гана пайдаланса жетиштүү болот. Ал эми чоң адамдар 1 саат бою компьютерде тынымсыз отурса, 15-30 мүнөт башка жумуштар менен алаксып же атайын көнүгүүлөрдү жасашы керек.

Биз алыскы объекттерди көргөндө жөн эле көрөбүз, ал эми жакынкы объекттерди көрүүдө көздүн булчуңдары иштеп, көзгө күч келет. Сыналгы көрүүдө дагы атайын аралык сакталышы керек. Сыналгынын чоң же кичинелигине карап канча метр алыстан көрүүгө болоору нускамада жазылган.

Мындан сырткары көз оорулары айына жетпей төрөлүп калган балдарда болушу мүмкүн. Ата-энесинин көрүүсү начар болсо, баласына да өткөн учурлар болот. Ошондой эле кант диабети, кан басымдын жогорулашы дагы терс таасирин тийгизет. Көз оорусуна кант диабети менен ооруган жарандар көбүрөөк кабылышат.

Адатта саламаттыгы жакшы адамдарын көрүүсү 70-80 жашка чейин өзгөрбөйт. Мындан сырткары ар бир адам көз айнек алууда көз дарыгерине кайрылуусу зарыл. Учурда дарыгерге көрүнбөй, көз айнек сатуучу дүкөндөрдөн эле көзүн текшертип, көз айнек сатып алгандар көп. Адатта алар көздүн көрүүсү канча пайыз төмөн же жогору экенин гана көрсөтүп берсе, дарыгерлер көз ооруларын дагы аныкташат», - деди дарыгер.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймагы боюнча башкармалыгынын адиси Клара Раимбердиеванын айтымында, көз оорусу менен жабыркап, каттоого алынган жарандарга медициналык жардам алууда бир топ жеңилдиктер каралган.

«Өлкөдө жарандарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча атайын программа иштелип чыккан. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 1-топко кирсе амбулатордук жана стационардык жардам алууда бир топ жеңилдиктер каралган. Мисалга алсак, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз стационардык жардам алууда кошумча төлөмдөрдөн бошотулат. Башкача айтканда, алар стационардык жардамды акысыз алышат.

Мындан сырткары Ата Мекендик согуштун ардагери, Ооган согушунун ардагери сыяктуу макамы бар жарандар үчүн дагы жеңилдиктер бар», - деди К.Раимбердиева.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасы боюнча учурда дүйнөдө 1,2 млрд адам көз айнек тагынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×