Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баракелде, Бишкек 11.10.2018 12:18 На русском

Депутат Р.Казакбаев Өмүрбек Бабановдун иши боюнча президентке кайрылды

Turmush -  Жогорку Кеңештин бүгүн, 11-октябрдагы отурумунда депутат Руслан Казакбаев («Республика – Ата Журт») Өмүрбек Бабановдун иши боюнча президентке кайрылды.

«Кечээ Сооронбай Шарипович Таласка болгон иш сапарында өлкө жетекчиси катары анын негизги максаты өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкусу келген коомдун баардык прогрессивдүү күчтөрүн, активдүү адамдарын бириктирүү экендигин айтты», - деди ал.

Казакбаевдин айтымында, президент өлкөдө өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкусу келген адамдар көп экендигин белгиледи.

«Президенттик шайлоонун өткөнүнө 1 жыл болду. Шайлоочулардын 34% добушуна ээ болгон Өмүрбек Бабанов шайлоонун жыйынтыгын колдоду. Ал туруктуулук үчүн депутаттык мандаттан баш тартып, саясатка аралашкан жок. Анын ишин акыйкаттык менен кароону суранам», - деди депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×