Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.10.2018 12:10 На русском

Караколдун борборундагы «I love Karakol» инсталляциясын талкалап кетишти (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарындагы борбордук скверде 2018-жылдын июль айында «I love Karakol» деп жазылган инсталляция орнотулган эле. Аны бүгүн, 11-октябрга караган түнү белгисиз адамдар талкалап кетишти, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Шаардагы «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Алмаз Абдыкеевдин айтымында, бул факты боюнча Каракол ШИИБге маалымат беришти.

Шаарга көрк кошуу максатында бул инсталляцияны орнотуу үчүн шаардык бюджеттен 220 миң сом каражат бөлүнгөн эле. Анын аймагы шаарга келген меймандар, жергиликтүү жашоочулар жана жаштардын сүрөткө түшүүчү жайына айланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×