Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Нарын облусу, Нарын 11.10.2018 11:35

Айыл турмушу: Тарбиячы А.Султанбаева бала бакчадагы бөбөктөрдөн кыялданууну, позитивди үйрөнгөн (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы №2 «Чебурашка» бала бакчасынын 36 жаштагы тарбиячысы Аида Султанбаева 2009-жылдан бери бөбөктөрдү тарбиялап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Аида Султанбаева балдарды тарбиялоо менен бирге алардан жакшы сапаттарды үйрөнгөнүн айтты.

«2005-жылы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетин аяктагам. Адистигим башталгыч класстын мугалими. Мектепте окуп жүргөндө эле 3 жыл НМУнун алдындагы университетке даярдоочу лицейде билим алып, жогорку окуу жайга өткөм. Азыркы бала бакчанын жетекчиси Зоя Сурабалдиева университетте тарбиячы болчу. Окууну аяктагандан кийин жолдон жолугуп, “эмне кылып жатасың? Эмнеге мыкты окуган окуучум мындай бош жүрүшү керек? Менде азыр бир орун бар, келип иште” дегенинен иштеп калгам. Бул бала бакчада иштөө мага жаккандыктан башка жерге кетким келген жок. Мектептерге дагы чакыруулар болгон. Бирок бала бакчанын аурасы башкача болуп, өзүнө тартып турат экен.

Жашоодо ар кандай кыйынчылыктар болот эмеспи. Алардын баары балдардын күлкүсү, жылмаюусу менен унутулат. Алар кучактап, бетиңден өпкөндө эс алып жүргөндөй болуп калам. Эртең менен жумушка шашып келем.

Балдар менен иштешкенде кыялкеч, бала кыял, таарынчаак дагы болуп калат экенсиң. Жакшы нерселерди гана ойлоп каласың. Анткени балдар ушуга үйрөтүп салат экен. Бала бакчага киргенге чейинки мүнөзүм башкача болчу, кийинки мүнөзүм башкача болуп өзгөрүлдү, чындыгында балдар позитивдүү жакшы жакка өзгөртөт экен. Ичинде кири жок, чындыкты айткан балдар үй-бүлөсүндөгү кайгы-капаны, кубанычтарын жана бардык сырларын айтып, экинчи апасындай мамиле кылышат. Кирип келгенде эле айтып баштаса күлүп калам», - деди ал.

Тарбиячы мугалимдик кесипти көп жылдар бою мугалим болгон таята, таенесинин сунушу менен тандаган.

«Менин таенем Нуржамал Кабакбаева Нарын шаарындагы №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде англис тилин окуткан мугалим болуп эмгектенген. Ал эми таятам дагы сүрөт сабагынан мугалим болуп иштеген. Алардын жолун жолдоюн деп, мугалимдик кесипти тандадым», - деди тарбиячы.

Аида Султанбаева бала бакчанын айланасын чыгармачылык менен жасалгалап, балдарга шурудан, жиптен ар кандай азем белектерди жасаганды үйрөтөт.

«Бала бакчанын короосунун ичин тарбиячылар менен бирдикте жыл сайын көрктөндүрүп турабыз. Быйылкы жылы Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата кесиптешим экөөбүз таштардан суу сактагыч жасап чыктык. Таштарды атайын тоого чыгып терип келип, кадимки эле цементти чылап алып, өзүбүздүн идеябыз менен жасап чыкканбыз. Башында бул идеябызды жетекчибиз укканда “муну кантип жасайсыңар, эркектердин жумушу го” деген эле. Бирок биз аракет кылып жасап бүтүрдүк. Баардыгы жактырышты.

Өзүм дагы кол өнөрчүлүккө абдан жакынмын. Майда бисер шурудан бак-дарактарды жасап, кийим жана оюнчуктарды түйөм. Балдарга дагы үйрөтүүдөбүз. Жумуштан үйгө келип тамак жасап, жумуштарды бүтүргөндөн кийин кол өнөрчүлүк менен дагы алектенгенди жактырам. Тааныштарымдан буйрутма алып, кошумча киреше таап келем», - деди ал.

Тарбиячы үзүрлүү эмгегинин натыйжасында шаардык, облустук билим берүү башкармалыгынан ардак грамоталар менен сыйланган жана 2016-жылы «Мыкты тарбиячы» сынагына катышып, байгелүү орунга татыган.

Учурда бир уулу жана бир кызы бар. Алдыда дагы көп балалуу болуп, аларга татыктуу тарбия берүүнү кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×