Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.10.2018 11:17

Базар-Коргондогу талаа күнүндө 420дай фермер тажрыйба алмашты (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылында «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында талаа күндөрү өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага өз ара жардамдашуу топторунун мүчөлөрү жана жергиликтүү бийилик өкүлдөрү, райондун акиминин биринчи орун басары Каныбек Тилекеев, айыл чарба департаментинин башчысы Авазбек Палванов, Жалал-Абад облусунун «Кыргызбио» борборунун директору А.Акбарович, Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Гүлсара Токторбаева, «ADI» коомдук фондунун координатору катышты. К.Тилекеев бул иш-чарага Базар-Коргон району боюнча 2 айыл өкмөт жана 10 айылдан 420дан ашуун фермер катышкандыгын белгилеп, айыл жашоочуларынын өнүгүп-өсүшүнө зор салым болорун бегиледи.

Катышуучуларга долбоор боюнча толук маалымат берилгенден кийин алар 4 топко бөлүнүп, практика жүзүндө тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Биринчи топ күнөскана жасоо, экинчи топ помидор жана бадыраң өстүрүү, үчүнчү топ капуста, болгар калемпирин өстүрүү, төртүнчү топ кызылча жана сабиз өстүрүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Буга чейин дыйкандарга долбоордун алкагында мөмө-жемиштерди тоңдуруп, кургатып сактоо эрежелери көрсөтүлгөн болчу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×