Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баракелде, Дүйнө 11.10.2018 10:29 Жаңыланды: 11.10.2018 10:41

Жаштар Олимпиадасында кыргызстандык Хасан Баудунов дагы бир медаль утту (сүрөт)

Turmush -  Жаштар арасындагы III жайкы Олимпиададан Кыргызстандын капчыгына дагы бир медаль кошулду. Ал — Хасан Баудуновдун ушул Олимпиададан фехтование боюнча (шпажист) алган экинчи медалы.

Аргентинада өтүп жаткан Олимпиаданын жеке турниринде Хасан Будунов буга чейин коло медаль тагынган болчу.

Ал эми 10-октябрда континенттердеги командалардын арасында күч сынашуу болуп, Баудунов Азия-Океания-1 командасынын курамында ойноду. Бул команданын курамында Корея, Гонконг, Япония жана Тайбэйден чогулган спортчулар болушту. Командалык турнирдин финалына Европа-1 жана Азия-Океания-1 командалары чыгып, жыйынтыгында Хасан Баудуновдун командасы 2-орунга жазылган.

Хасан Баудунов (2)

Хасан Баудунов (1)

Хасан Баудунов

Жаштар арасындагы III жайкы Олимпиададан азырынча кыргызстандык спортчулар 3 медаль тагынышты. Буга чейин кыргызстандык суучул Денис Петрашов күмүш медаль уткан.

Хасан Баудуновдун жеке турнирдеги жеңиши (2018-жылдын 8-октябры):


Кыргызстандын өкмөтүнүн токтому менен 2018-жылдагы Жаштар Олимпиадасынын жеңүүчүлөрү үчүн сый акынын көлөмү бекитилген.

Мамлекеттен:

- 1-орун үчүн 1 млн сом;

- 2-орун үчүн 500 миң сом;

- 3-орун үчүн 250 миң сом сыйлык берилет. Ошондой эле медаль тагынган спортчулардын машыктыруучулары да сыйланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×