Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баракелде, Дүйнө 11.10.2018 09:52 На русском

Ислам Каримовдун баласы Петр Каримов өзбекстандык авиакомпанияны сотко берди

Turmush -  Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун биринчи никесинен төрөлгөн уулу Петр Каримов мурдагы иш берүүчүлөрүнөн эмгек акысын өндүрүп берүү боюнча Москванын сотуна арыз жазды. Бул тууралуу centralasian.org. басылмасы маалымдады.

Москванын Тверь райондук сотунун өкүлү маалыматты тастыктап, аларга Каримов деген фамилиялуу адам кайрылгандыгын, бирок анын мурдагы президенттин баласы экенин билбей тургандыгын билдирди. Каримов «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясынын үстүнөн даттанган. Арыз 24-ноябрда каралат.

ЖМКдагы маалыматтарга караганда, Петр Каримов бир нече жыл улуттук «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясында жетекчилик кызматтарда иштеген. Бирок атасы каза болгондон кийин 2016-жылы иштен бошотулган. Бирок ал сотко азыр кайрылып, жумуш берген тарап аны иштеп алып жаткан учурда маянасын бербей койгондугун билдирген. Канча суммадагы акча жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз.

Айрым маалыматтарга караганда, «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясынын пресс-катчысы Зумрад Шоджалилов Петр Каримов иштен алынган учурда бардык маянасы берилгендигин билдирген.

Ислам Каримов тирүү кезинде баласы Петр жөнүндө эч кандай маалымат жок болчу. Бирок Википедияда Ислам Каримов биринчи жолу 1960-жылдары үйлөнгөндүгү, 1969-жылы жубайы Наталья Кучми экөөнүн ортосунда баласы төрөлгөндүгү жөнүндө маалымат бар. Петр Каримов азыркы учуда Москва облусунда жашайт. Экономикалык билим алып, «Азия-Инвест Банктын» жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×