Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусуМосква району 11.10.2018 09:29 На русском

Москва районунда адам сатууга каршы күрөшүү маселеси талкууланды (сүрөт)

Turmush -  Москва районунда «100 күн адам сатууга каршы күрөшүү» деген темада тегерек стол өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы. Ага айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматкерлери, мугалимдер жана мектеп парламентинин президенттери катышты.

Тегерек столдогу ой бөлүшүүдө, баарлашууда аталган теманын алкагында тренингдер өтүлдү. Ошондой эле видеотасмалар көрсөтөлдү.

«Бүгүнкү иш-чара райадминистрация менен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду. Коомдогу көйгөйлүү проблема болгон адам сатуу фактылары районубузда болбогону, катталбаганы менен айрым жерлерде бар экендигин жашырууга болбойт. Анын алдын алуу үчүн 100 күндүк өтүп жатат. Атуулдарга жеткиликтүү түшүнүк берүү максатында мындай тегерек столдун мааниси зор», - деди райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Наргиза Умарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×