Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 11.10.2018 08:51 На русском

Билим берүү министрлигин 2-жолу сотко берген А.Бечеловдун доосун сот канааттандырган жок

Turmush -  Билим берүү жана илим министрлигин экинчи жолу сотко берген Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн мурунку башчысы Алмаз Бечеловдун доосун облустук сот канааттандыруусуз калтырды. Бул маалыматты облустук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бечелов Билим берүү жана илим министрлиги аны кызматтан бошотконуна нааразы болуп, министрликти экинчи ирет сотко берген эле. Тактап айтканда, Алмаз Бечелов Сузак райондук сотко министрликтин кызматтан четтетүү боюнча буйругун жокко чыгаруу, жумуш ордун кайрадан калыбына келтирүү боюнча доо арыз менен кайрылган болчу.

Райондук сот 2018-жылдын 11-июнундагы чечими менен Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 6-мартындагы №36/4 буйругун жокко чыгарып, кайрадан бөлүм башчылык жумушуна орноштуруу чечимин чыгарган. Ошондой эле жоопкер Билим берүү жана илим министрлигинен республикалык бюджетке 700 (жети жүз) сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн.

Бирок Билим берүү жана илим министрлигинин ишенимдүү өкүлү райондук соттун өкүмүнө макул болбой, облустук сотко кайрылган. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, соттун ушул жылдын 7-сентябрындагы чечими менен райондук соттун чечими жокко чыгарылды.

«Иш боюнча жаңы чечим кабыл алынган. Доогер Б.А. жоопкер Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 6-мартындагы №36/4 буйругун жокко чыгаруу, аны Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына кайра дайындоону сураган доо арызы менен кошумча доо арызы канааттандыруудан баш тартылган. Жоопкер Билим берүү жана илим министрлигинин ишенимдүү өкүлү И.Б.нын апелляциялык даттануусу канааттандырылган», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматы маалымдагандай, доогер Сузак райондук сотуна кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 11-июнь күнү сот өз чечимин чыгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×