Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Талас облусу, Талас 10.10.2018 17:06

Жаш талант: Ж.Бакирдинова ырчылык менен сынактарга катышып, талантын такшалтууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 15 жаштагы тургуну Жасмин Бакирдинова ата-энесинин каршылыгына карабай ырчылык менен алектенүүдө. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 9-класста билим алып жатат.

«Кичинекей кезимде үн созуп ырдап калчумун. Бирок эч кандай музыкалык мектептерден сабак алган жокмун. Жөн гана америкалык ырчы Селена Гоместин, кыргыз ырчысы Мирбек Атабековдун ырларын интернеттен алып ырдап жүрөм. Ырларды аябай тез жаттап алам. Ырчылыкка аралаша баштаганыма 5 жылдан ашты. Досторум, классташтарым, эжейлерим «талантыңды элге алып чыкпайсыңбы» деп калышчу. Чындыгында ырдаганда эс алам. Көбүнчө кыргыз ырларга басым коём жана заманбап ырларды да ырдайм.

Эң биринчи жолу мектептеги иш-чараларда ырдагам. Ошондо сахнада өзүмдү алып жүрүү коркунучун жеңгем. Кийин көптөгөн кароо-сынактарга катыштым. 6-классымда Amеrican songs деген конкурска катышып, сертификатка ээ болгом. «Жардам Талас» жана башка концерттерге катышып, грамоталарды алгам. 2018-жылы «Пой со звездой» кароо-сынагына катышып, байгелүү орунга татыгам.

Бир туугандарымдан эч кимиси ырдабайт. Бирок колдоп келишет. Апам Гүлнар Айдаралиева колдоп турса, атам Бакирдин Жанузаков «ырчылык бул кесип эмес» деп кээде каршылыгын көрсөтүп турат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле сынактардын бириндеги башынан өткөн окуяны эскерди.

«Пой со звездой» сынагынын 1-этабында даярданып келген ырды ырдатпай, «башка ырды ырдайсың» деп башка ырдын текстин берип коюшкан эле. Аз убакыттын ичинде сахнага чыга турганымды айтып калышты. Барактагы ырды толук карап чыкканга жетишпей калгам. Сөздөрүн алмаштырып ырдап койгом. 2-этабында баары ийгиликтүү болгон», - деди ал.

Ырчы кыз үй-бүлөдө 5 бир тууган. 2 эжеси, иниси жана сиңдиси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×