Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусуНоокат району 10.10.2018 15:04 На русском

Сүрөт — Ноокаттагы жол кырсыктан 25 жаштагы жигиттин өмүрү кыйылды

Turmush -  Ноокат районунун аймагында жол тандабас менен күйүүчү май ташуучу унаанын катышуусундагы жол кырсыктан жүргүнчүнүн өмүрү кыйылды. Андан тышкары 3 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, окуя кечээ, 9-октябрда саат 13:30 чамасында Ош—Исфана автоунаа жолунун 64-чакырымында, тактап айтканда Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл аймагынын Шарон айылында болду. Жол тандабасты Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Э.М. Кызыл-Кыя шаарын карай башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыкканда күйүүчү май ташыган унаа менен кагышкан. Катуу соккудан улам унаа оодарылып кеткен. Ал эми экинчи унааны Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Б.Н. башкарып жүргөн.

Жол тандабастын 25 жаштагы (эркек киши) жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болуп, экинчи жүргүнчү менен 2 айдоочу аймактык ооруканага жаткырылган. Бул факты боюнча Ноокат РИИБдин кызматкерлери тиешелүү экспертизаларды дайындап, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×