Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баракелде, Бишкек 10.10.2018 14:14 На русском

Султан Жумагулов президент менен премьер-министрдин катышуусунда акыркы сапарга узатылды (сүрөт)

Turmush -  Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарындагы Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында акыркы сапарга узатылды.

Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, маркумдун атасына жана үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле акыркы сапарга узатуу зыйнатына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Жазуучу, журналист, котормочу, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри С.Жумагулов 60 жашка караган курагында узакка созулган оорудан кийин 8-октябрдын түнүндө көз жумган.

Некролог

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×