Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 10.10.2018 13:30 На русском

Айыл турмушу: 20 күлүгү бар кара-бууралык саяпкер М.Ниязалиев Германиядан таза кандуу кулун алып келип багып жатат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 32 жаштагы тургуну Марлис Ниязалиев 6 жылдан бери таза кандуу күлүктөрдү таптап келет. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.

«Биздин ата-тегибиз, тай жагыбыз да таза кандуу жылкыларды кармаган адамдардан болгон экен. Мындан бир нече жыл мурун маркум бир тууган акем таза кандуу жылкыларды кармачу. Башын ошол агам баштап берген. Кийин каза болуп калгандыктан баштаган ишин мен улантам деп өзүмө сөз берген болчумун. Таза кандууларды таптап келе жатканыма 6 жылдын жүзү болду. Булардын эң башын Талды-Булак айылынан 18 миң долларга сатып алгам. Ал Бахтору деген бээ болчу, учурда 7 жашта. Таластын атынан мелдештерге, көк бөрүгө чыгып жүргөн күлүк. 4 жыл катары менен көк бөрүгө чабылып жүрдү. Азыр 4 кулундун энеси. Азыркы тапта кулундары тапталып жатат.

Ал эми Айтумар аттуу күлүк бээ Манас районунун Суулуу-Маймак айылынан 3800 долларга алынып келинген. Азыр 6 жашта, экини тууган. Бир нече жолу Талас облусунун чемпиону болду. Учурда таза кандуу 26 баш жылкы бар. Алардын 20сы күлүктүккө тапталып жаткандар. Эл катары жайкысын тоого алып чыгабыз. Чабылчулар гана көк чөптө калышат. Жылына 10 тонна жем кетет. Кышкысын буудай, арпа менен багабыз. Чабышка түшөр маалда гана 1 жума мурун сулуу берилип баштайт. Тоодон келген маалда талааларга кое берилет. Кышка чейин талаалап жүрө беришет. Сугарар маалда барып сугарып коём. Атайлап барып деле кайтарбайм», - деди ал.

Жылкычы буга катар эле күлүктөрүнө кызыккандар көп экенине карабай сатылбай тургандыгын айтты.

«Башка өрөөндөрдөн, коңшу өлкөлөрдөн сатып алабыз деп кызыгып келгендер көп болот. Бирок булар сатылбайт. Чоң суммага деле сурап жалдырашат. Чоң акчага кызып саткым келбейт. Бирок биздин айыл улакчылардын айылы болгондуктан улак көп чабылат. Айыл ичиндеги улакчы жигиттер сурап кеткен учурлар болот.

Таза кандууларды кармаган өзүнчө бир оору деп коёт экен. Акчаң башка нерсеге жетпей жатса дагы сөзсүз ошол таза кандуу күлүктү алышың керек. Кечээ жакында эле Германиядан 2 миң долларга 7 айлык кулун (ургаачы) алып келдим. Аты Ханыша, башкалардан бөлүп өзүнчө кармап жатам. Буйруса ийгиликтерди жаратат деген ишеничтемин», - деди саяпкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×