Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 10.10.2018 13:22 На русском

Ысык-Атада 19 жаштагы кызга алабай кол салды (видео)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын тургуну 19 жаштагы кызын тиштеп алган алабайдын ээсине чара көрүү суранычы менен 29-сентябрда РИИБге арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, кызын 28-сентябрда саат 18:00 чамасында коңшусунун ити тиштеген. Бул арыздын негизинде экспертизалар жүргүзүлүп, күбөлөрдүн да көрсөтмөлөрү алынды. Анын жыйынтыгы менен Ысык-Ата РИИБ бул окуяда кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Андан кийин топтолгон материалдар Ысык-Ата РИИБдин коомдук коопсуздук кызматына берилип, учурда каралып жатат.

Алабай (овчарка) — Борбор Азиядан чыккан иттердин быйыркы породасы. Алардын боюнун орточо бийиктиги 60 см тарта 78 см чейин, салмагы 40 кг тарта 79 кг чейин болот.

Видео социалдык түйүндөн алынды:


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×