Кадамжайдын Көк-Талаа айылындагы мектепте окуучулардын рэкетчилиги иликтенүүдө

Turmush - Кадамжай районунун Көк-Талаа айылындагы К.Сатаров атындагы орто мектебинде рэкетчилик катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка караганда, жогорку класстын окуучулары өздөрүнөн кичүү класстын балдарына акчалай салык салып жүрүшкөн. Бул боюнча окуучулар класс жетекчилерине да кайрылышканы белгилүү болду.
Мектептин директору Бермет Матимарованын айтымында, азыр бул сөздөрдүн канчалык чын же жалган экени такталууда.
«Ушул иш боюнча учурда ата-энелер жана аймактык тескөөчүлөр, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда чогулуштар өткөрүлдү. Азырынча бул туурасында бир нерсе айта албайм. Жаш өспүрүмдөрдү кароо инспекциясында такталып жатат. Бир жыйынтыкка келип, мунун канчалык чын же жалган экени аныкталганда гана бул туурасында маалымат бере алам», - деди директор.
Өткөн жылы аталган мектептин 8-классынын окуучусу каза болгону кабарланган болчу.
20.09.2018 | Көк-Талаа айылындагы окуучулар полу чирип, ным тарткан мектепте окушат |
26.09.2018 | Айыл турмушу: Кадамжайдагы дыйкандар жашылчалардын экинчи түшүмүн былтыркыдан арзан сатып жатышат (фото) |