Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
10.10.2018 10:23

Кыргыз-кытай чек арасындагы жер титирөөнүн күчү 4,5 баллга жетти

Turmush -  Бүгүн, 10-октябрда саат 07:48де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында жер титирөө катталып, анын очогундагы күчү 4,5 баллга жетти.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 баллга, Көк-Суу айылында 3,5 баллга жана Кара-Киндик айылында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×