Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 09.10.2018 17:40 На русском

Бишкек–Ош жолунда үч унаа кагышты. Бир адам каза болуп, экөө ооруканага түштү (фото, видео)

Turmush -  Бишкек–Ош унаа жолунда үч жеңил унаа кагышкан жол кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, экөө ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Алардын ырастоолорунда, кырсыктын кесепетинен унаа тыгыны пайда болгон.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Айбек Сатыбалдиевдин айтымында, жол кырсык Ош—Бишкек унаа жолунун 504-чакырымында, тактап айтканда Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Кыпчак-Талаа айылында 6-октябрда саат 17:00 чамасында катталган. Ош багытын көздөй бараткан «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, каршы тилкеде келе жаткан «Тойота РАВ 4» үлгүсүндөгү унааны жана анын артындагы «Фольксваген Гольф» унаасын сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя айылынын 1954-жылы туулган тургуну Д.Кадыржан окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми эки унаанын айдоочулары Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилди.

«Тойота РАВ 4 » унаасын 1965-жылы туулган Т.Ж., «Фольксваген Гольф» унаасын 1989-жылы туулган Н.С. башкарып бараткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×