Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баракелде, Бишкек 09.10.2018 15:04 Жаңыланды: 09.10.2018 18:09 На русском

Бурулайдын өлүмү: Кызды ала качкан жигит бычактап өлтүргөнүн мойнуна алган жок (сүрөттөр)

Turmush -  Бүгүн, 9-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жайыл РИИБдин имаратында бычакталып каза болгон Бурулайдын өлүмү бонча сот отуруму улантылды. Сот залына айыпталуучулар 10 конвоирдин коштоосунда жеткирилди.

Шектүү Марс Бөдөшевге эки эпизод боюнча айып тагылууда. Алар – Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 2-бөлүмү (ала качуу) жана 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-6-11-13-пункттары (адам өлтүрүү). Ал эми анын досу Акмат Сеитовго кыз ала качууга катышканы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (кыз ала качууга катышуу) боюнча айып тагылып жатат.

Алгач отурумда төрагалык кылган судья Санжар Чотонов айыпталуучулар тууралуу маалымат менен таанышты. Айыпталуучу Марсбек (Бурулайды ала качкан жигит) мурда соттолбогонун, кичи автобустун айдоочусу болуп эмгектенип жүргөнүн айтты.

Бүгүнкү отурумда прокурор шектүүгө коюлган айыпты окуп берди. Анда Марсбек Бурулайды эки жолу ала качканы айтылган. Биринчи жолу И.Ахунбаев атындагы КММАнын жанынан ала качып, кайра орто жолдон ата-энесинин кийлигишүүсү менен үйүнө жеткирилгени айтылган эле. Ал эми экинчи жолу Бурулайды «Субару Аутбэк» унаасы менен Таласты көздөй ала качып баратканда Сосновка постунан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулар тарабынан кармалып, Жайыл РИИБге жеткирилген. Бурулайдын өмүрү РИИБдин имаратында кыйылган болчу.

Айыбы угузулгандан кийин шектүү Марсбек эки ала качууга байланыштуу айрым күнөөлөрдү мойнуна ала турганын айтып, бирок Бурулайды өлтүрүү кылмышын мойнуна алган жок. Ошондой эле Сеитов күнөөнү мойнуна алган жок.

Отурумдун жүрүшүндө Бурулайдын жакындары менен шектүүнүн, анын жактоочусунун ортосунда кайым айтышуу да болду. Аягында судья отурумду 17-18-октябрга жылдырып, күбөлөр көрсөтмө берип баштай турганын айтты.

Буга чейин 2 сот отуруму Жайыл райондук сотунда болгон. Экинчи — 24-сентябрдагы отурумга бул кылмышка жол бергени үчүн айып тагылган 5 милиция кызматкери да алынып келген.

Алар:

- Жайыл РИИБдин тергөөчүсү Э.Т.Кадышев;

- нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөтчүсү И.Р.Иманалиев;

- нөөмөтчү З.Айткожоев,

- нөөмөт бөлүмүндөгү күзөт тобунун милиция кызматкери, милициянын старшинасы М.Макеев;

- Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 5-взводунун кенже инспектору З.Байтереков.

Бул жолу дагы жабырлануучу тараптын өкүлү ишти башка соттун кароосуна өткөрүп берүү суранычы тууралуу айткан.

«Бул үчүнчү жолку баш тартуу — биринчи жана экинчи жолкусу сот процессинин биринчи күнүндө эле судьяга берилген. Алардын бири соттун курамына ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу болсо, экинчиси прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүү (милиция кызматкерлерине каршы ишти Жайыл райондук прокуратурасы козгоп, тергөө жүргүзгөн).

Үчүнчү жолку баш тартуу бүгүн айтылды, ал — судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүү. Айыпталып жаткан милиция кызматкерлери — жергиликтүү тургундар, ушул жерде ар кандай кызматтарда эмгектенишкен. Бүгүн болбосо дагы биз объективдүүлүк үчүн ишти башка сотко өткөрөбүз», - деди жабырлануучу тараптын өкүлү Назира Абдумуминова.

Экинчи отурумдун аягында Жайыл райондук соттун судьясы жабырлануучу тараптын суранычы жогорку инстанцияга бериле турганын билдирген.

----------------------------------------------------------------------------------

Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон Бурулай 2018-жылы 29-майда жерге берилген эле.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

Милиция кызматкерлеринин маалыматына караганда, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген.

РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген. Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×