Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 09.10.2018 11:38

27 жаштагы кыз башка адамдын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган

Turmush -  Бүгүн, 9-октябрда «Ак-Жол — унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда Казакстанга башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кыз кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган кыз текшерүүдөн өтүп жатканда 1985-жылы туулган Х.Б.га таандык паспортту көрсөткөн. Чек арачылар текшерүүнүн жүрүшүндө паспорт документти көрсөткөн кызга тиешелүү эместигин аныкташкан. Кыргызстандын жараны — 1991-жылы туулган Г.Б. ага республиканын аймагынан чыгууга чектөө коюлганы үчүн башка адамдын паспортун колдонгонун мойнуна алган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган кыз чара көрүү үчүн ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×