Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
09.10.2018 11:32 Жаңыланды: 09.10.2018 13:36 На русском

Подполковник Т.Уларовдун өлүмү: Жогорку сот шектүүнүн бирин өмүр бою эркинен ажыратты

Turmush -  Жогорку сот подполковник Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектүүлөргө карата чыгарылган Ош облустук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Мындай өкүм кечээ, 8-октябрь күнү чыгарылганын жабырлануучулардын жактоочусу Динара Турдумаматова аймактык кабарчыга билдирди.

Жактоочунун айтымында, Ош облустук соту тарабынан 2018-жылдын 7-июнундагы отурумда айыпталуучулардын бири Ш.Д. өмүр бою эркинен ажыратылса, экинчи айыпталуучу Р.М. 12 жылга камакка алынган. Бул өкүмдү Жогорку сот дагы өзгөртүүсүз калтырды.

Ош шаардык сотунун өкүмү

Ош шаардык соту 2018-жылдын 20-мартында Т.Уларовдун өлүмү боюнча өкүм чыгарган болчу. Анда айыпталуучулардын бири 23 жылга, экинчиси 7 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимге нааразы болгон жабырлануучу тарап айыпталуучуларды өмүр бою эркиндигинен ажыратуу талабы менен Ош облустук сотуна кайрылышкан.

------------------------------------------------------------------------------------------

Подполковниктин жансыз денеси 2017-жылдын 23-мартында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө жолдун боюнда токтоп турган көк түстөгү «Митсубиси» үлгүсүндөгү унаанын ичинен табылган болчу. Ал ИИМдин мыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын тескөөчү-коменданты, милициянын подполковниги Т.Уларов (1973-жылы туулган) экени аныкталган.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, ал башына урулган оор соккудан улам каза болгон. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган болчу.

Маркум 21-март күнү үйүнѳн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Өмүр бою эркинен ажыратылган шектүүнүн алгачкы көрсөтмөсү: «21-март күнү айылда сүмөлөк кайнатылып, коңшулар менен отурганбыз. Ошол учурда аялымдын телефонуна Таирбек коңгуроо кылып, аны чакырды. «Эмне үчүн чакырып жатат?» деп сурасам, аялым «карызын берет экен» деди. Артынан 20 мүнөттөн кийин барсам экөө сүйлөшүп турушуптур. Мен азыраак ичимдик ичкем, Таирбек дагы кызуу болчу. Экөөбүз дүкөндөн айтыша кетип, Таирбек «эркекче сүйлөшөлү» деди. Экөөбүз Учар тараптагы каналдын боюна бардык. Ал дагы намысыма тийген ачуу сөздөрдү айтты. Мен ачуумду токтото албай, аны колумдагы балдак менен башка бир чаап жибердим. Футбол ойноп жатканда бутумду кокустатып алгандыктан убактылуу балдак таянып жүргөм. Ал отура калганда мен коркуп кетип колума тийген миздүү таш менен бир нече жолу башка чаап жибердим. Ал жыгылып калды, бирок сөгүнүп жаткан. Мен аны өзүнүн унаасынын арткы орунуна чалкасынан жаткырып, унаанын эшиктерин бекиттим. Андан кийин кан болгон ташты жана унаанын ачкычын сууга ыргытып жиберип, өзүмдүн унаамды айдап, сүмөлөк жасалып жаткан жерге бардым. Туугандарымды Таирбек үйүнө кетти деп алдап койгом. Мен аны өлтүргүм келген эмес, бул окуя кызганычтан улам болду».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×