Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуСокулук району 09.10.2018 10:42 На русском

Айыл турмушу: Мугалим Н.Жүндүбаева эл аралык долбоорлорду жазып, мектебин парта, отургучтар менен камсыз кылган (сүрөт)

Turmush -  Назира Жүндүбаева 41 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип, көптөгөн долбоорлорду жазып, сыйлыктарга ээ болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 1956-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган.

«Мен 1977-жылы орто мектепти аяктаган соң, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика жана математика факультетин аяктагам. 1977-жылы Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай айылындагы айыл тибиндеги мектепке кирип, окуучуларга математикадан сабак бердим. Күндүз окуучулар иштеп, кечинде мектепке келишчү. Ошол эле жылдан 1991-жылга чейин Шамалды-Сай айылындагы шаар тибиндеги мектепте күндүзгү смен менен иштедим. Эмгек жолум мына ушул Таш-Көмүр шаарында башталган.

1991-жылы Сокулук районунун 1-май айылындагы мектепке келип иштей баштадым. 1991-1996-жылдары окуу-тарбия иштерин жетектедим. 1996-2013-жылдары ошол мектептин мүдүрү болуп, 2006-жылы "Билим берүүнүн отличниги" наамы менен сыйландым. Негизи билим берүү тармагында эмгектенип жүргөнүмө 41 жылдай болду. Мына ошол 41 жыл ичинде көптөгөн долбоорлорду түзүп, мектепти 90% парта, отургучтар менен камсыз кылдым десем жаңылышпайм. Анткени, мен түзгөн ар бир долбоор ишке ашты. Мисалы, 2006-жылы 75 525 сомго түзүлгөн долбоор өтүп, АРИСтен мебель алдык. 2008-жылы дагы долбоор түзүп, АРИСтен 302 187 сомдук парта алдым. Андан тышкары 2012-жылы МЕРСИКОго парта алуу боюнча 237 075 сомдук долбоорум өттү. 2005-жылы долбоордун негизинде айылга спорт комплекс курулду. 2009-жылы айылга бала бакча куруу боюнча АРИСке долбоор сунуштап, ал дагы колдоого алынды», - деди ал.

Мугалим мына ушундай эмгектин үстүндө көптөгөн сыйлыктарга да ээ болгон. 2016-жылы Сокулуктагы Крупск айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын, «Алтын эне» төш белгисин алган.

«2 уул, бир кыздын энесимин. Жолдошум 2008-жылы каза болуп калган. Бош убакта ыр жазам», - деди ал.

Жолдошума

Түгөйүм кеттиң кайрылбай,
Түбөлүк жайга шаштың ай.
Артыңда калдым айласыз,
Жанашып бирге жүрө албай.
Тагдырым сенден айрыды,
Көрүп бир көзүм тоё албай.
Ойлосом оюм жете албай,
Артыңда калдым арман ай.

Мугалим

Мугалим менин эжекем,
Элестейт сизден апакем.
Тарбия алып сизден мен,
Таланттуу адам болом мен.
Мезгилдер өтөт закымдап,
Мендеги ойлор талпынат,
Алдыга кадам багыттайт.
Жадабайм сабак бергенден,
Так илимден калбайм мен.
Далилдеп тактайм ар качан,
Чыгарган тап так эсептен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×