Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 09.10.2018 09:41 На русском

Ошто барак тибиндеги үй өрттөндү (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 9-октябрда Ош шаарынын Алымбеков көчөсү №5 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Өрт тууралуу маалымат саат 05:40 чамасында келип түшкөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, Ош шаардык №13 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Ош шаардык №85 өрткө каршы бөлүмдөн 1 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылган.

Өрт саат 06:17де чектөөгө алынып, саат 08:05те толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×