Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Чүй облусу, Токмок 09.10.2018 09:24

Акыркы суткада өлкө аймагында 14 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 18 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 9-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Адамдар жаракат алган жок.

Чүйдөгү Токмок шаарынын Комсомол көчөсүндө бастырмадан өрт чыгып, анын кесепетинен 15 чарчы метр чатыры күйдү. Мештерди курууда жана пайдаланууда эреженин бузулушу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле балдардын от менен ойногонунан улам Нарындагы Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында коороодо жайылган 500 түк чөп өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×