Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусу, Нарын 09.10.2018 09:47

Айыл турмушу: Окуучуларды көргөндө кадимкидей оорум айыгып, дартты билбей калам, - мугалим К.Сагынбаева (сүрөт)

Turmush -  56 жаштагы Калбүбү Сагынбаева 31 жылдан бери физика мугалими болуп эмгектенип келе жатат. Ал үй-бүлөсү, кесиби, окуучулары тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Калбүбү Сагынбаева 1962-жылы Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун Ош облусунда мугалим болуп иштөө менен баштаган. Ал учурда Нарын шаарындагы №7 Матен Сыдыков атындагы орто мектебинде эмгектенип жатат.

«Нарын шаарында жашаган жигитке турмушка чыгып, №7 Матен Сыдыков атындагы орто мектебинде иштеп келе жатам. Бул жактан 3 класс бүтүрдүм, быйыл 20 жылдыктар келип, ыраазычылыгын билдирип кетишти. Бардыгы өз ордуларын тапканына кубандым. Союз учурунда заман башка болчу, азыр техника өнүккөн заман. Кандай мезгил болбосун окуучу мугалим үчүн бала. Мугалимдик кесип ары мээнеттүү, ары татаал, бир чети сыймыктуу кесип. Мектепке барганда ооруп турсаң да балдарды көргөндө алаксыйсың.

Ошто иштеп жүргөндө окуучулардын арасында өзбекче аралаштырып сүйлөп, күлдүргөндөр бар эле. 3 айга чейин көнбөй жүрүп, андан кийин көнүп кеттим. Ал жакта балдар аябай эмгекчил, "окуйбуз" деп гана турушчу. Эмгек жолумду ошол жерден баштагандыктанбы башкача сезим калыптыр, жада калса азыркыга чейин алардын аттарын да билем. Мен барганда мугалим жетишпегендиктен химия, математикадан да сабак берип жүрдүм», - деди ал.

Мугалим ден соолугу жакшы болбосо дагы ага кайыл болуп, жумушка барат.

«Быйыл класс алган жокмун, саат алып иштеп жатам. Ден соолугума байланыштуу 2010-2011-жылдары иштеген жокмун. Азыр кудайга шүгүр иштеп жатам. Үйдө отурганда кадимкидей балдарды, коллективди, мектепти сагынат экенсиң. Балдарды көргөндө кадимкидей оорум айыгып, дартты билбей калам.

Жолдошум Нарын шаарындагы архив кызматында, улуу кызым Дубайда иштесе, экинчи кызым Бишкек шаарында медайым, уулум Түркияда эмгектенет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×