Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Бишкек 08.10.2018 18:46 На русском

Тайырбек Сарпашевге козголгон иш кайрадан тергелет

Turmush -  Мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата козголгон ишти тергөө иштери кайрадан башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Т.Сарпашевге карата козголгон кылмыш ишти токтотуу боюнча УКМКнын тергөөчүсүнүн чечимин Башкы прокуратура 2018-жылдын 19-сентябрында артка кайтарган.

-------------------------------------------------------

Башкы прокуратуранын буга чейинки маалыматы:

2013-жылдын 28-мартында Мамлекеттик каттоо кызматы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү каттоо үчүн бланктарды сатып алууга 8 млн сомдук тендер жарыялаган. Тендерге «Т.П.» ЖЧКсы менен «У.» ААК коому катышып, ЖЧК жеңүүчү болгон. 24-апрелде Финансы министрлиги вице-премьер-министр Т.Сарпашевге тендер өттү деп эсептелгени тууралуу кат жолдогон.

Ал эми 25-апрелде Т.Сарпашев бланктарды «У.» ААКтан сатып алууга уруксат берүү тууралуу мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген. Анын негизинде Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы тендердин жеңүүчүсү менен келишим түзбөстөн, «Т.П.» ЖЧКнын башкы директорун «У.» ААКтан күбөлүктүн 40 миң бланкын сатып алууга келишим түзүүгө мажбурлаган. Бул бланктар Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактардагы бөлүмдөрүнө тапшырылып, жаңы төрөлгөн балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр берилген.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын жумушчу тобу 2015-жылдын июнь айында жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы менен ал бланктар жараксыз деп табылган. Анда «Туулгандыгы тууралуу күбөлүк» деген жазуунун ордунда «Никелешүү тууралуу күбөлүк деп жазылган».

Мамлекеттик каттоо кызматын 2012-жылдын 24-сентябрынан 2014-жылдын 7-февралына чейин Эрлан Сапарбаев жетектеген.

Кийинчерээк бул кылмыш иш УКМК тарабынан токтотулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×