Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 08.10.2018 21:00

Жумгалда авариялык абалда турган мектептин үстүнө бак кулады (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында авариялык абалда турган О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин имаратынын үстүнө чириген бак кулады. Андан эч ким жабыркаган жок.

Мектеп жамааты берген маалыматка караганда, окуя 5-октябрда саат 10:00 чамасында болгон. Буга чейин алар кооптуу бактарды кыйдыруу үчүн райондук куткаруу кызматына, айыл өкмөткө жана башка түзүмдөргө кайрылышкан. Бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Ал эми О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин жаңы имараты ушул жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилмек. Бирок ушул күнгө чейин эшигин ачпай, окуучулар учурда эски мектепке окуп жатышат. Жаңы имарат 275 орунга ылайыкталып мындан 5-6 жыл мурун 70 млн сомго курулуп баштаган.

Аталган мектепте жалпы 560 окуучу билим алса, аларга 50 мугалим билим берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×