Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусуТалас району 09.10.2018 10:42

Айыл турмушу: Таластык 84 жаштагы Бүбүя апа азыр да чеберчилик менен алектенип, неберелерине кийиздерди жасап жатат (видео)

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын 84 жаштагы тургуну Сатыбалдиева Бүбүя апа бир нече жылдан бери чеберчилик менен алек болуп келет. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Талды-Булак айылында чабандын үй-бүлөсүндө туулган.

«Атам мал менен, апам кол өнөрчүлүк менен алек болуп келди. Илгери ала кийиз, шырдак дегендер көздүн карегиндей каралчу. Апаларыбыз биригип алып, шырдак жасашчу. Мага кол өнөрчүлүк апамдан калган. Анда мен оюнга тойбогон кыз болсом да апамдын жанынан чыкпай, аялзатына керектүү өнөрдү үйрөнүп жүрчүмүн. Кийин 1952-жылы Көпүрө -Базар айылына келин болуп келдим. Кайын энем дагы колунан көөрү төгүлгөн чебер айым экен. Эки апам тең чебер болгондуктан боз үй көтөргөндү, чий токуганды үйрөндүм.

Ушул убакка чейин көп эле боз үй көтөрдүм. Эң биринчи көтөргөн боз үйдү ички тышкы жасалгасы менен азыркы акча менен 100 миң сомго саткам. Кийин чоң көрсөтмөлөргө чыгып, жакшылыктарда тигилип жүрдү. Боз үй көтөрүү, анын жасалгасын жасоо оңойго турбайт. 2 ай убакыт кетет. Азыр картайып калсам дагы бош отурбайын деп чий согуп, ийик ийрийм. Өзүм бош отурганды жаман көрөм. Кышы-жайы ушул иштер менен алек болуп, өзүмдү алаксытып келем. Азыркы тапта 15 метрден болгон 2 чийди соктум.

Ошондой эле жип ийрим. Жип даярдоо үчүн алгач жүндү тытып, чөп-чарын терип, жууп алам. Тазаланып даяр болгондон кийин ийик менен ийрип баштайм. Бир отурганда 2 суурум жипти даярдайм. Даяр болгон жиптер туш кийиз, сайма саюуга керек болот. Кийин небере-чөбөрөлөрүм «чоң энемдин эмгеги» деп эстеп жүрсүн деген ойдо ар бирине бирден жасаган эмгектеримди берип келем. Менин жолумду жолдоп, экинчи кызым иштүү», - дед ал.

Бүбүя апа 5 бала, 20дан ашык неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×