Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 08.10.2018 15:45

Айыл турмушу: 256 саптуу ыр жазган Д.Кыдыралиевди таңда ойготкон эргүү (сүрөт)

Turmush -  Доктурбек Кыдыралиев 1964-жылы Панфилов районунун Эркин-Сай айылында туулган. Ал 5-классынан тартып ыр жазып, чыгармалары гезит беттерине жарыяланып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Менин ыр жазууга шыгым 5-класста окуп жүргөндө башталган. Ошол учурда "Ленинчил жаш" деген журналга ырлар жарыяланчу. Республика боюнча 5 ыр тандалып, арасынан менин ырым дагы ошол журналга чыккан. Ошондон тартып ого бетер кызыгуу ойгонуп, ыр жазып баштадым. Орто мектепти бүткөн соң, Айыл чарба техникумунда билим алып, айыл чарбада иштедим. 28 жыл жетекчи да болуп эмгектендим. Жакында эле 256 саптан турган ''Түш өңүмдө болуп кайра'' деген ыр жараттым. Эң алгачкы жолу ''Классташтар'' деген ырды жазгам. Андан кийин армияда жүргөндө апамды сагынып, ''Ата-энени сагынуу'' деген ыр жаздым. Көбүнчө мага эргүү таңга жуук саат 4:00-5:00 чамасында келет. Кечинде алдыдагы бардык пландарымды ойлоп жатып эле эртең менен ыр жазып ойгоном», - деди ал.

Анын 3 кыз, 1 уулу бар.

«Жубайым өтүп кеткендиктен экинчи жолу турмуш кургам», - деди ал.

Аян берет апакем

Алма гүлү аппак болуп гүлдөгөн кез,
Айланам жаз мезгилге өзгөртүп тез.
Апамдын ак жоолугу көркүн ачат,
Ааламдын асылы го эч ким жетпес.

Курбулар

Кызгалдак жазда көркүндө,
Жайнап бир гүлдөр көрүнсө.
Суктанып терип басчу элек,
Курбулар өскөн гүлдөрдө.

Карылык

Жүздөрдү бырыш саймалап,
Өзгөртүп бүттү карылык.
Өткөн кез абдан арылап,
Көздөрүң алсыз карыгып.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×