Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 08.10.2018 13:28

Ош—Бишкек жолунда 3 жеңил унаа кагышты, жабыркагандар бар (фото)

Turmush -  Ош—Бишкек жолунда 3 жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдиришти.

Маалым болгондой, жол кырсык Ош—Бишкек унаа жолунун 563-564-чакырымындагы Сузак районунун аймагында Топурак-Бел ашуусунда 7-октябрда саат 14:30дар чамасында катталган. Анда «Мерседес-Бенц», «Фольксваген Пассат» жана «Тойота» үлгүсүндөгү үч унаа кагышкан.

«Кырсыктан оор жаракат алгандар бар. Алар райондук аймактык ооруканасына жеткирилди», - дешти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×