Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Талас облусу, Талас 08.10.2018 12:23

Айыл турмушу: Таластык мугалим Р.Султаналиеванын окуучусу күйгөн чөп жеген музоону сүрөткө тартып күлдүргөн (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 49 жаштагы тургуну Рахат Султаналиева 27 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Аймактык кабарчы мугалим айымдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн.

«1988-жылы Ош педагогикалык институтунун башталгыч класстарга билим берүү бөлүмүн аяктадым. Мугалим болуп калышыма өзүмдүн бир тууган эжем себеп болгон. Башталгыч класстагы биринчи мугалимим өзүмдүн эжем Сүйүмкан Сулайманова болгон. Эжемдей болуп сабак берип, мугалим болсом дечүмүн. Ошол эжемдей болуп башталгыч класста мугалим болуп эмгектенип келем. Чоң окуу жайга барганда кичинекей балдар менен иштешеримди ойлоп, сүйүнүү менен тапшыргам. Кыялым орундалып, жан дүйнөсү таза, ак көңүл, болгон ойлорун ачык айта алышкан балдар менен иштешип, кесибимдин түйшүгү унутта калат.

Биринчи эмгек жолумду 1992-жылы Талас шаарындагы №6 орто мектепте башталгыч класстарга билим берүү менен баштагам. 2012-жылдан тарта №9 орто мектепте эмгектенип келем. Жалпысынан 27 жылдан бери мотурайган балдар менен иштешип келе жатам. Эсептеп көрсөм 6-класс бүтүргөнгө жетишиптирмин. Бүтүргөн окуучуларым азыр учурашып турушат. Мугалимдик кесибимде «Жылдын мыкты мугалими» деген сынакка катышып, байгелүү орунга ээ болгом. Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн, 2010-жылы министрликтин грамоталарына ээ болгом. 2014-жылы «Эл агартуучу» наамын алгам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы кызыктуу окуяларды эскерди.

«Алиппени таануу үчүн 1-класстагы окуучулар даяр сүрөттөрдү боёшчу эле. Алиппеден «М» тамгасын өтүп жаткандыктан балдар чөп жеп жаткан музоонун сүрөтүн боёшмок. Бир балам чөптү кара түс менен боегон экен. Жанына барып, «чөп жашыл болот эмеспи, эмне үчүн кара менен боёдуң?», десем жанындагы бала «эже, ал күйүп калган чөп, күйүп калган чөп кара болот да» деп баарыбызды күлдүргөн.

«Т» тамгасын өтүп жатабыз. Мен «Т» тамгасынан терезе деген сөз башталат. Терезеси жок үйлөрдү көрдүңөр беле? Эмне үчүн терезе салабыз?» десем, артта отурган балам кол көтөрүп, «терезе үйгө уурулар кириш үчүн салынат» дейт», - деди ал.

Мугалим айым 1 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×